Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Ошто азык-түлүк фирмасы көз боёмочулукка шектелүүдө


Оштогу «Топ Ночь Дистрюбишн» фирмасы колдонуу мөөнөтү эскирген азыктардын мөөнөтүн узартып сатууну адатка айлантканы айтылууда. Аталган фирманын мурунку кампа башчысы Актилек Асанбаевдин айткандарына таянып, шаардык санэпидстанция жана милиция кампаны текшере баштады.

Асанбаевдин "Азаттыкка" айтымында, товарлардын колдонуу мөөнөтү бензин менен өчүрүлүп, ордуна жаңы мөөнөт басылып, дүкөндөргө таратылып келген.

Чылым жана азык-түлүк товарларын саткан «Топ Ночь Дистрюбишн» фирмасынын өкүлдөрү Асанбаевдин билдирүүсүн жумуштан айдалганы үчүн өч алуу максатында ойлоп табылган жалаа деп билдиришти.

Аталган фирма Орусиядан келген кондитердик азыктарды жана Казак өндүрүшүнөн чыккан ун азыктарын Ош аймагына тараткан ири компаниялардын бири деп эсептелет. (YI)

XS
SM
MD
LG