Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:49

Кытайда жер көчкү жүрдү


Кытайдын түштүгүндө жекшемби күнкү жер көчкүдөн кийин 100 чакты киши дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

Ири өнөр жай борбору болуп эсептелген Шэнчжен шаарында ондогон имараттар кыйрап калды. Куткаруучулар урандылардын астынан жеңил жараат алган 7 кишини алып чыгышты. Бардыгы болуп 33 имарат, анын ичинде фабрика, жумушчулардын жатаканалары, административдик имарат жабыркады.

Жер көчкү ошондой эле май куйуучу станцияда жарылууга алып келди. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкендей, эки жылдан бери ылай аралаш топурак курулуштарга жакын жерлерге топтолуп калган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG