Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында жаңы медиа борбор иштей баштады. Интернет сайт, видеопродакшн жана гезиттен турган борбор шаардыктар менен калаа жетекчилигинин ортосунда байланыш түзүү максатын көздөйт. Бул тууралуу анын жетекчиси Жалил Сапаров “Азаттыкка” билдирди:
-Мурда мэриянын “Жалал-Абадүнү” деген гезити бар эле. Ал жоюлду. Азыр медиа борбордун “Мезгил” аттуу гезити чыга баштады. Жакын арада сайт менен видеопродакшн иштейт,- дейт Сапаров.
“Мезгил” гезитинин алгачкы саны 1700 нускада 8 бет менен жарык көрдү. (SE)