Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Каржы министрлиги планшет жана кресло сатып алуудан баш тартты


Каржы министрлиги коомчулукта кызуу талкууга түшкөн планшет жана кресло сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди токтотту. Бул тууралуу өкмөткө караштуу мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлады. Бир жума мурун аталган мекеме 228 миң сомго эки планшет, 284 миң сомго 10 кресло сатып алууга тендер жарыялаган болчу. Бирок жарандар бул баалар реалдуу эместигин айтып, нааразылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар министрликти сындаган.

Мурдараак Унаа жана байланыш министрлиги11 миң долларга компьютер жана планшеттерди сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар интернеттеги атайын сайтка жарыялана баштагандан бери коомчулук ар бир чыгымды көзөмөлгө алууда. (SE)

XS
SM
MD
LG