Мындай чечим кабыл алынар замат манат долларга карай 48% күчүн жоготту. Азербайжандын улуттук банкы мындай чечим “валюталык резервди сактоо жана эл аралык аренада улуттук экономиканын атаандаштыкка туруштук берүүсү үчүн” жасалганын 21-декабрда билдирди.
Газ менен мунай баанын төмөндөөсү Азербайжанды да кыйынчылыктарга учуратты. Өз валютасын эркин агымга август айында Казакстан да коюп жиберген эле. Андан бери теңге долларга карай 80% күчүн жоготту. (AiT)