Москвада 21-декабрда болгон жыйынга Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев дагы катышты. ЖККУга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары регионалдык коопсуздук, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмун бекемдөөнү талкуулап, антитеррордук кеңири коалиция түзүүнү жакташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунунун жыйынынан кийин Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчылары деңгээлиндеги жогорку кеңешинин жыйыны болуп, анда биримдиктин интеграциялык маселелери талкууланган. (AiT)