Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:06

Сариев: Кытай менен визасыз режим болбойт


Өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстан менен Кытай ортосунда визасыз режим тууралуу сүйлөшүүлөр өтпөгөнүн билдирип, экономика министри Арзыбек Кожошевдун бул жааттагы пикири коомчулукка туура эмес мааниде жеткенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн Коомдук биринчи каналдын “Биринчи радиосуна” курган маегинде айтты.

Премьер-министр азыркы режим эки өлкөнү тең канааттандырарын кошумчалап, өкмөт мүчөлөрү эл аралык алакалар боюнча билдирүү жасардан мурун Тышкы иштер министрлиги менен кеңешүүсү боюнча эреже бар экенин эске салды.

Экономика министри Арзыбек Кожошев өткөн жумада Кытайдагы иш сапарында эгер визасыз режим киргизилсе, Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын турист келиши мүмкүн экенин айткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG