Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушунда жашыруун сакталган “Калашников” автоматы жана төрт жүздөн ашуун ок-дарылары табылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай, ал 10-декабрда жок кылынган экстремисттик топко таандык болгон. Атайын кызмат топтун башка мүчөлөрүн аныктап, кармоо боюнча ыкчам аракеттерди көрүп жатат.
Быйыл 10-декабрда Бишкекте УКМКнын “Альфа” бөлүмү антитеррордук операция өткөрүп, эки кылмышкерди атып өлтүргөн жана аларды экстремисттик топ мүчөлөрү деп маалымдаган. (SE)