Талас шаарында бүгүн ири спорт комплекси ачылды. Ага вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, "Газпром Кыргызстан" ишканасынын директорлор кеңешинин башчысы Виталий Маркелов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар, спорт чеберлери катышты. Таласта буга чейин мындай ири спорттук комплекс болгон эмес.
200 адамга ылайыкташкан имаратты "Газпром Кыргызстан" ишканасы "Газпром балдарга" программасынын негизинде куруп берди. (SS)