22-декабрь - энергетика кызматкерлеринин күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоп, өлкөнүн өнүгүшүнө бул тармакта иштегендердин салымы жогору экенин белгиледи. Буга Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруу планын, Токтогул ГЭСин жаңылоону, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун, CASA-1000 экспорттук долбоорун ишке ашырууну мисал келтирди.
Энергетиктердин майрамы 1966-жылдан баштап cовет заманында, андан кийин КМШ өлкөлөрүндө белгиленип келатат.
Кыргызстанда бул тармак 1917-жылдан кийин пайда болгон. 1923-жылы биринчи жолу көчөлөргө жарык берилген. 1930-жылы үйлөр электр жарыгын алган. Кыргызстандын энергетика тармагы негизинен гидроэнергетикадан турат.
1970-80-жылдары Кыргызстан СССР чөлкөмүндө электр энергиясын кубаттуу өндүрүп турган. Акыркы жылдарда өлкөдөгү колдонуучуларга электр жарыгы өз учурунда берилбей, тармак кризиске учурап, авариялык өчүрүүлөр маал-маалы менен кайталанып келатат. (SE)