Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Ала-Букада Азия чемпионатынын жеңүүчүсүнө жер бөлүп беришти


Казакстанда “Күжүрмөн самбо” боюнча өткөн Азия чемпиондугунда 3-орунду алып, коло медал тагынган кыргызстандык спортчу Нуристан Бекбердиевге өзү туулуп-өскөн Ала-Бука районундагы Балтагулов айыл өкмөтү сегиз сотых жер тилкесин белек кылып, 6000 сом акчалай сыйлык да берди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Мамадалы Парпиев билдирди. Ал эми райондук администрация 3000 сом жана ыраазычылык кат тапшырып, райондун борборунан да жер тилке берүүнү убада кылды.

Спортчу Нуристан Бекбердиев 21 жашта.

Казакстандагы чемпионат 10-14-декабрь күндөрү өткөн. Ага ондогон мамлекеттерден күрөшчүлөр катышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG