Босния полициясы билдиргендей, 22-декабрда Сараево облусунда жүргүзүлгөн ири рейддин алкагында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катыштыгы бар деген шек менен 11 адам кармалды. Рейддер баш калаа Сараеводон алыс эмес жайгашкан казармалардын жака белинде да болду. Ал жакта ноябрь айында уюштурулган куралчан согушкерлердин чабуулунан коопсуздук күчтөрүнүн эки аскери набыт кеткен.
Полициянын маалымат кызматы 11 адам 13 аймактан камалганын кошумчалды. Жергиликтүү медианын жазышынча, рейдге 100дөй полициячы тартылды.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында 150 чамалуу босниялык согушуп жүрөт.