Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Евробиримдикке быйыл 1 миллиондон ашык качкын кирди


Качкындардын көбүн сириялыктар жана оогандыктар түзөт.
Качкындардын көбүн сириялыктар жана оогандыктар түзөт.

Эл аралык миграция уюмунун жана Улуттар уюмунун качкындар боюнча агенттигинин 22-декабрда жарыялаган маалыматына ылайык, Евробиримдиктин аймагына быйыл кирген качкын - мигранттардын жалпы саны бир миллиондон ашты. Алардын басымдуу бөлүгү деңиз менен Түркия аркылуу Грецияга өткөндөр.

Эки уюмдун биргелешкен билдирүүсүндө качкындардын жарымынан көбүн сириялыктар, 20 пайызын оогандыктар, ал эми 7 пайызын ирактыктар түзөөрү айтылат.

Маалыматка ылайык, качкындардын үч миңден ашыгы жолдо набыт болгон.

Эл аралык миграция уюму билдиргендей, бул сандар Евробиримдиктин алты өлкөсү: Греция, Болгария, Италия, Испания, Мальта жана Кипр аркылуу киргендерди камтыйт.

XS
SM
MD
LG