Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Ирак аскерлери Даиш көзөмөлдөп турган Рамади шаарына чабуул жасады


Ирактын өкмөтчүл күчтөрү.
Ирактын өкмөтчүл күчтөрү.

Ирак жана Америка бийлик өкүлдөрүнүн кабарлоосуна караганда, Ирак күчтөрү Рамади шаарынын борборуна чабуул менен кирип барышты. Террорго каршы күрөш боюнча Ирак аскерлеринин өкүлү Сабах аль-Нумани Багдаддан 100 чакырым батыш тарапта жайгашкан Рамади шаарындагы өкмөттүк комплексти ээлешкенин 22-декабрда кабарлады. Анын айтуусунда, кармаш комплекстин тегерегинде дале жүрүп жатат.

Аскерлерге АКШ башында турган коалиция абадан колдоо көрсөтүүдө. Рамади шаарында 300гө чукул жоочу бар экенин чалгын аныктаган. Быйыл май айында Рамади шаарынын жоочулардын колуна өтүшү Ирак өкмөтүнүн алсыздыгын көрсөткөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG