Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Орусияда Михаил Ходорковскийдин штабы тинтүүгө алынды


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

Полиция Кремлдин сынчысы болгон Михаил Ходорковский каржылаган кеңселерде жана бери дегенде жети кызматкердин үйүндө 22-декабрда тинтүү жүргүздү. Орусиянын башкы тергөө органы тинтүү Ходорковскийдин абакка түшүүсүнө алып келген 2003-жылы ачылган кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.

Бирок Ходорковскийдин "Ачык Орусия" уюмунун өкүлү Мария Баронова тинтүү, Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин кылмыш дүйнөсүнүн жардамы менен кызматка келишин иликтеген испан прокурорлорунун докладын жарыялаганы үчүн жасалды деп эсептейт. Эки жума мурун тергөөчүлөр Михаил Ходорковскийди киши өлтүрүү боюнча айыптап чыккан эле. Ал учурда Европада жүрөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG