Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

“Centerra Gold Inc.” корпорациясынын кошумча акциясы Кыргызстан үлүшүн азайтат


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Бул тууралуу “Centerra Gold Inc.” корпорациясынын Директорлор кеңешинин кыргыз тараптан мүчөсү Кылычбек Шакиров 22-декабрда билдирди. Анын айтуусунда, “Центерранын” жетекчилиги 4,6 млн. даана кошумча акция чыгарууну чечти:

-4,6 млн. даана акция чыгарабыз деп жатат. Андай болгондо “Кыргызстандын” азыркы 32,75% акциясы 32,1% чейин түшөт. Биз Директорлор кеңешинде үчөөбүз каршы чыгып, “Кыргызалтындын” үлүшү азайбаш керек дедик. Бул маалыматты өкмөткө да дароо жеткирдик.

“Центерранын” жетекчилиги кошумча акция чыгарууну Кошмо Штаттарда долларга үстөк пайыздын көтөрүлүшүнө байланыштырган. Кыргыз өкмөтү “Centerra Gold Inc.” менен буга чейинки макулдашуудан чыгарын жарыялап, бирок жаңыдан сүйлөшүү жүргүзүүгө барарын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG