Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Францияда аскер турумдарына кол салгысы келгендер кармалды


Франциянын күч түзүмдөрү Орлеан аймагындагы полиция жана аскер турумдарына кол салууну токтотууга жетишти. Ички иштер министри Бернар Казнев маалымдагандай, окуяга шектелип 20-24 жаштагы жергиликтүү эки жаран кармалды. Алар Сирияда согушуп жүргөн франциялык жихадчылардын санаалаштары экени, күч органдарында жардыруу уюштурууну пландаганы айтылууда.

Парижде ноябрда болгон ири теракттан бери өлкө аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, үч миңден ашуун рейд уюштурулду. 360 адам үй камагына алынып, 51 киши түрмөгө түштү. (SE)

XS
SM
MD
LG