“Кумтөр” кенин иштетип келген Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясынын Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрүн алмаштыруу маселеси көтөрүлүүдө. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Садык Шер Нияз өкмөт башчы Темир Сариевге сунуштады. Эл өкүлү бул пикирин Директорлор кеңешиндеги кыргызстандыктар өлкө кызыкчылыгын ойлобой, “Центерраны” коргоп жатканы менен негиздеди. Бул пикирге премьер-министр да кошуларын билдирип, өкмөт алардын ишине ичи жылыбай турганын белгиледи:
-Бул сын туура. Бирок алардын эрежеси боюнча кеңештин мүчөлөрү белгилүү мөөнөткө шайланат экен. Булардын мөөнөтү келерки жылы майда аяктайт. Ага чейин өздөрү каалап, арыз жазбаса кеңештен чыгара албайбыз. Мен алардын баары менен сүйлөшкөнмүн. Аткарып жаткан иштерине канааттанбайбыз.
“Центерранын” директорлор кеңешине кыргыз тараптан Кылычбек Шакиров, Эмил Орозбаев, Калинур Садыров кирген.
22-декабрда кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызыкчылыктардан улам Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылы кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүдөн чыгарын маалымдап, жаңы долбоор иштелип чыгарын билдирген. (SE)