Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Намазканалардын ишин мыйзамдаштыруу сунушталууда


Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2008-жылы кабыл алынган “Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” билдирди:

-Намазканалар мусулмандардын сыйынуу амалдарын аткаруусуна жеңилдик кылуу максатында ачылган. Бирок алардын айрымдарында эч кандай уруксат кагазы жок, кандай багытта иштеп жатканы белгисиз. Жаңы мыйзамда намазкана ээлеринин жоопкерчилиги каралат.

Кыргызстанда соңку жылдары мечиттерге кошумча коомдук жайларда намазканалар көп ачыла баштады. Бирок адистер алар каттоого алынбай турганын белгилешет. Диний серепчилер экстремисттик топтор андай жерлерди пайдаланып, катарына кишилерди тартуу менен алектенерин айтышат. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG