Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бийликке кайрылып, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар үчүн жөлөкпулду көбөйтүү сунушу менен бийликке кайрылышты. “Балдарды коргоо борборунан” кабарлашкандай, адистер атайын иликтөө жасап, өкмөт бөлгөн каражат жеткинчектердин керектөөсүнө жетпей турганын аныкташты. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы ар үчүнчү бала жакыр үй-бүлөдө тарбияланат. Кыргызстан калкынын 37% көбү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзөт.
Жөлөкпулду жогорулатуу боюнча кайрылуу президентке, премьер-министрге, башкы прокурорго жана Жогорку Кеңеш депутаттарына жөнөтүлдү.(SE)