Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Түркияда Төлөмүш Океевди эскеришет


Түркиянын үч шаарында 24-26-декабрь күндөрү кыргызстандык кинорежиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата эскерүү кечелери өтөт. Бул тууралуу режиссердун ысымын алып жүргөн фондунан билдиришти.

Стамбулдагы Мимар Синан, Анкарадагы Гази жана Карабүйүк калаасындагы университетте кинорежиссердун “Бакайдын жайыты" ("Биздин балалыктын асманы") аттуу тасмасы көрсөтүлөт. Андан сырткары, кыргыз кино өндүрүш тармагынын адистери студенттер менен жолугушат.

Төлөмүш Океевге арналган иш-чараны эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурууда. (SE)

XS
SM
MD
LG