Орусиянын Сириядагы авиа соккулары эки жүздөн ашуун жайкын тургундардын өмүрүн алып кетти. Ошондой эле тынымсыз урулган соккулар ири кыйроолорго жеткирди.
Бул тууралуу Amnesty International укук коргоо уюмунун баяндамасында келтирилген. “Орус авиациясынын Сириядагы соккуларынан жай тургундардын жоготууларынын көптүгү согуш кылмыштарына теңелиши мүмкүн, - деп айтылат Amnesty International эл аралык уюмунун шаршемби күнкү баяндамасында.
Укук коргоочулар белгилегендей, орус учактарынын соккуларынан эки жүздөн ашуун киши набыт кетип, бир топ турак жайлар, мечит, базар, ооруканалар жер менен жексен болду. Укук коргоо уюму бул чабуулдарды эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу, деп атады.
Эксперттер күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, видео тасма жана фото далилдердин негизинде мына ушундай тыянакка келишкен. Орусиялык аскердик-космос күчтөрү башкарылбаган бомбаларды жана чачыратма дүрмөттөрдү калк жыш отурукташкан аймактарда колдонгону далилденди, деп ырасташат баяндаманын авторлору. Мисал катары «Ислам мамлекети» тобунун көзөмөлүнөн алыс жайгашкан Хомс, Идлиб жана Алеппо шаарларына урулган соккулар келтирилген.
Amnesty International бул фактыларды калыс иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартууга чакырды. Буга чейин Human Rights Watch уюму да Москванын Сириядагы аракеттерин айыптаган. Ал тапта Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу Идлиб шаарын бомбалоону айыптап, Сирия жергеси «Орусиянын империалисттик буталарынын бир бөлүгү болбойт», деп билдирди.
Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков укук коргоо уюмунун дооматын четке кагып, Сириядагы аскерий операция эл аралык укуктук ченемдерге ылайык жүргүзүлүп жатканын айтты.