ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковскийге сыртынан айыбы угузулуп, ага карата эл аралык издөө жарыяланды деп билдирди Орусиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин.
Сот өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыгынын өтүнүчүн карап чыгып, Михаил Ходорковскийди камакка алуу тууралуу сыртынан бөгөт чарасын тандады, деп айтылат тергөө комитетинин билдирүүсүндө.
Буга чейин аны адам өлүмүн уюштурууга шектүү катары жоопко тартуу боюнча токтом чыгарылган болчу. Аны тергөөгө чакырык кагаз атасына жөнөтүлгөндүн эртеси Ходорковский Лондондо маалымат жыйынын өткөрүп, Нефтеюганск шаарынын мурдагы мэри Петуховдун өлүмүнө анын эч кандай катышы жок экенин айткан.
Ходорковский бул ишти ага карата кезектеги саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Чет элде бозгунда жүргөн Михаил Ходорковский бир жылдан бери "Ачык Орусия" долбоорун негиздеп, өлкөнүн ичинде демократияны колдоо боюнча иш-чараларды жүргүзө баштаган. (KJ)