Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Нарында кургак учук менен ооругандар көбөйүүдө


Кургак учукка каршы Ошто өткөн акция. 2014-жыл, 24-март.
Кургак учукка каршы Ошто өткөн акция. 2014-жыл, 24-март.

Нарын шаары боюнча 105 киши кургак учук илдети менен расмий каттоодо турса, анын ичинен 21 киши быйыл жаңы аныкталгандар. Өткөн жылы жугуштуу илдет менен ооругандардын саны 86 болчу. Ал эми облус боюнча кургак учукту жугузуп алгандардын саны 500дөн ашат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова билдирди.

Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов медицина кызматкерлерине кургак учукту алдын-алууну күчөтүүнү тапшырды. Маалыматка караганда, аймактагы 50 кишиге ылайыкташкан кургак учукка каршы ооруканада учурда 15 адам дарыланууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын алты миң киши кургак учукка кабылат. (MiK)

XS
SM
MD
LG