Премьер-министр Нарендра Моди орус президенти Владимир Путин менен коргоону жана энергетика багытында кызматташууларды бекемдөө боюнча 24-декабрда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Нарендра Моди эки мамлекеттин ишкерлеринин форумуна катышат жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде болот.
Орусия менен Индиянын салттуу байланышы бар жана ал акыркы кезде БРИКСтин алкагында өнөктөштүккө өтүүдө. 23-декабрда ТАСС маалымат агенттигине жарыяланган маегинде Моди “Путиндеги жакшы сапаттардын бири - мамилени кандай сактоону билишинде”, деп мүнөздөдү. Модинин айтуусунда, эки мамлекет коргонуу, өзөктүк энергия, илим, технология жана башка тармактар боюнча кызматташып келатат.
Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Субраманиам Джаяшанкар эки лидер коргонуу, өзөктүк энергиядан тартып, мунай жана көмүр казууга чейин кызматташууну сүйлөшөрүн 23-декабрда билдирди. (AiT)