Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Москва ИМге каршы күрөштө талиптер менен кызматташарын билдирди


Ооган талиптери
Ооган талиптери

Жогорку даражалуу орусиялык дипломат “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө Москванын кызыкчылыгы ооган талиптери менен дал келерин билдирди. Орус президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Орусия учурда “Талибан” кыймылы менен маалымат алмашуу боюнча байланыш каналын түзгөнүн “Интерфакс” агенттигине маалымдады. Орусия талиптер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун бийлигин тааныбай, аларга каршы күрөшүп жатканын негиз келтирүүдө. Москва Ооганстанга курал-жарак берүүгө даярдыгын жарыялап, бирок ал коммерциялык негизде жана этияттык менен жүргүзүлө турганын белгиледи.

Буга чейин Орусиянын расмий адамдары Ооганстандын президенти Ашраф Гани ооган аскерлери үчүн оор артиллерия, курал-жарак жана аскерий учактарды сураганын айтышкан болчу. Анын мындай кайрылуусу НАТО баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан аскерин чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алган учурда болгону белгиленген. АКШ баш болгон НАТО күчтөрү да ооган бийлиги менен талиптердин ортосунда диалог болушун кубаттап келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG