Премьер-министр Ираклий Гарибашвили парламенттик шайлоого бир жыл калганда кызматынан кеткенин билдирди. “Бүгүн чечим кабыл алып, өкмөт башчылык кызматтан кетип жатам. Бирок мекениме берилген бойдон калам,”- деди Гарибашвили 23-декабрда телекөрсөтүү аркылуу калкка кайрылуусунда.
Мыйзамга ылайык Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили жети күндүн ичинде өкмөт башчыга талапкерди атап, ал парламент тарабынан бекитилиш керек. Парижде билим алган Гарибашвили учурда 33 жашта. Ал 2013-жылы ноябрь айында өкмөт башчылыкка келгенде Европа чөлкөмүндөгү эң жаш өкмөт башчы болгон.
Ираклий Гарибашвилинин каршылаштары аны саясий тажрыйбасы жок деп сынга алышып, мурдагы өкмөт башчы, миллиардер Бидзина Иванишвилинин “куурчагы” катары мүнөздөшкөн. (AiT)