Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

М. Ходорковский Улуу Британиядан саясий башпаанек суроону караштырууда


Ходорковский видео маалымат жыйыны, 9-декабрь, 2015-жыл.
Ходорковский видео маалымат жыйыны, 9-декабрь, 2015-жыл.

23-декабрда Орусия тарабынан издөө жарыяланган мурунку мунай магнаты Михаил Ходорковский Би-Би-Сиге берген маегинде “Улуу Британиядан саясий башпаанек суроону караштырып" жатканын ырастады. Ходорковский орус бийлиги аны жалган жалаа менен киши өлтүрүү боюнча айыпташы бийликтин “акылынан адашып калганын” көрсөттү деп айтты.

Ходорковскийдин пикиринде, Путин аны “олуттуу коркунуч” катары кабылдап, “экономикалык жактан Орусиянын чет өлкөдөгү активдерин ЮКОСтун пайдасына чечилген 50 млрд. доллардын негизинде тартып алат деп чочуласа, саясий жактан 2016-жылдагы Мамлекеттик Думага шайлоодо демократ талапкерлерге жардам көрсөтөт деп чочулоодо”.

Ошол эле мезгилде Ходорковский Кремлде режим бүгүн эле алмашат дегенди өтө эле оптимисттик пикир катары баалап, бирок он жылдын ичинде бийлик алмашарын, ага өзүнүн да салымы болорун белгилеген. Кремль ага жооп кылып Ходорковскийди камакка алуу боюнча чечимге тиешеси жок экенин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG