Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Акматбек Келдибековдун соту 25-декабрда болот


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков.

Бул тууралуу Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтуусунда, Бишкек шаардык сотунда Акматбек Келдибековдун жана мамлекеттик айыптоочу прокурорлордун апелляциялык арызы каралат.

Келдибеков өзүн толук актоону өтүнсө, мамлекеттик айыптоочулар тескерисинче жазаны катаалдантууну сурайт. Биринчи Май райондук соту Акматбек Келдибековду ноябрь айындагы чечиминде коррупция боюнча актап, кызмат абалынан пайдалануу беренеси боюнча айыптап, 3 млн. сом айып пул салган. (AiT)

XS
SM
MD
LG