Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Атамбаев: Орусиялык учак боюнча Түркия күнөөсүн мойнуна алышы керек


“Түркиянын орусиялык учакты атып түшүрүү чечими туура эмес болгон. Түркия президенти буга байланыштуу өкүнүп жатса керек деп ойлойм”. Мындай пикирин жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.

“Түрк тарап дагы бир сыйра ойлонуп, өз күнөөсүн мойнуна алышы керек, деп ойлойм. Бул Кыргызстан үчүн да өкүнүчтүү болду. Бул окуядан эки өлкө тең жабыркайт. Мен өзүмдүн оюмду Путин менен да, Эрдоган менен да сүйлөшкөндө айттым”, деди Атамбаев.

Орусия-Түркия мамилеси түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп, ошондон бери эки жак бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген. (МТо)

XS
SM
MD
LG