Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Атамбаев кумарканалардын кайра ачылышына каршы эмес


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Мамлекет башчы кумарканалар үчүн атайын аймак даярдалып, кыргызстандыктар ага кирбеши кирек экенин, ушундай шартта гана ачса болорун кошумчалады.

Экономика министрлиги казинолорду иштетүүгө кайрадан уруксат берүүнү сунуштап, буга байланыштуу мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Мыйзам өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумарканалардын, бир жыл мурда тотализаторлор менен букмекерлердин ишине тыюу салынган. Буга жаштар арасында кумарга берилип кетүү көбөйүп жатканы негиз болгону белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG