2015-жылдын он айында “Мегаком” бренди менен белгилүү “Альфа-Телеком” салык жана башка төлөмдөрдү кошкондо мамлекет казынасына 2 млрд. 125 млн. сом төктү.
Бул тууралуу “Азаттыкка” компаниянын маалымат катчысы Жумгалбек Өмүрканов билдирди.
Анын айтуусунда, бул сумма 2010-жылга караганда эки жарым эсеге көп.
“Алдын ала эсепке караганда, он айдагы кирешебиз 6,3 млрд. сомдон ашты”, деди Өмүрканов.
Аталган уюлдук операторунун 49%ы 2010-жылы мамлекетке өткөрүлгөн. Кийин калган бөлүгү да улутташтырылган. Бул аралыкта компания мамлекетке 7,2 млрд сом дивиденд иретинде которгон.
Өкмөт аталган компанияны эмки жылы сатыкка койгону жатат. Андан түшкөн каражатты социалдык тармак менен өнүгүүгө жумшарын убада кылууда. (МТо)