Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Дамаск оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр


Сириянын тышкы иштер министри Валид аль-Муаллем Бээжиндеги маалымат жыйынында, 24-декабрь, 2015жыл.
Сириянын тышкы иштер министри Валид аль-Муаллем Бээжиндеги маалымат жыйынында, 24-декабрь, 2015жыл.

Сирия тышкы иштер министри Валид аль-Муаллем бүгүн Бээжиндеги маалымат жыйынында расмий Дамаск оппозиция менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин билдирди. Кытайга иш сапары менен барган Муаллем Женевада өтчү Сирия диалогуна сырттан кийлигишүү болбошун эскертти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 18-декабрда Сириядагы кырдаалды саясий жол менен жөнгө салуу боюнча эл аралык планды колдогон резолюция кабыл алган. Эл аралык план Сирияда курамына оппозиция өкүлдөрү кирген жаңы өкмөт түзүүнү көздөйт.

БУУнун маалыматы боюнча, Сирияда 2011-жылдын мартында башталган жарандык согуш 250 миңден ашуун өмүрдү алып, миллиондогон кишини өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз кылды.

Сириядагы кырдаал боюнча Женевадагы сүйлөшүү жаңы жылдан кийин башталары маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG