Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Сауд Арабияда өрттөн өлгөндөр отуздан ашты


Сауд Арабиянын түштүк-батышындагы Жизан шаарынын ооруканасында чыккан тилсиз жоодон ажал тапкандар 31 кишиге жеткенин өлкө өкмөтү билдирди. Мындан сырткары дагы жүздөн ашуун адам жаракат алган. Жабыркагандар шаардагы башка менчик ооруканаларга жайгаштырылды. Өрт бүгүн эртең менен шаардагы башкы оорукананын биринчи кабатында жайгашкан төрөт бөлүмүнөн чыккан. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз, себептери иликтенүүдө.

Өрт өчүрүлгөндөн кийинки маалыматтарда каза тапкандардын саны 25 деп айтылып жаткан.

Сауд Арабияны быйыл ири жоготуулар менен коштолгон мындан башка да кырсыктар кыйгап өтпөдү. Сентябрда курулуш краны кулап, 111 адам ажал тапкан. Андан көп узабай ажылык зыярат учурунда 2411 киши тепсендиде калып мер болгон.

XS
SM
MD
LG