Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Тегеранда барымтага алынган америкалыктар 36 жылдан кийин компенсацияга жетишти


Тегерандагы АКШнын мурдагы элчилиги.
Тегерандагы АКШнын мурдагы элчилиги.

Америкалык дипломаттар жана элчиликтин кызматкерлери 1979-жылы Ирандагы ыңкылаптан кийин 444 күн Тегеранда барымтада калышкан. Өткөн жумада Конгресс кабыл алган мыйзамга ылайык барымтада кармалган 53 кишинин ар бирине 4,4 млн. доллардан берилет.

Азыркы кезде 53 кишинин 37 тирүү. Акча Франциянын BNP Paribas банкынын Иран, Куба жана Суданга киргизилген санкцияны бузуусунан төлөнгөн 9 млрд. доллар айыппулдан бөлүнөт.

Мыйзамга ылайык мамлекет колдогон террордук чабуулдарга кабылган башка жарандар да жеңилдиктерге ээ болот. 1979-жылы Тегеранда барымтага алынган элчиликтин кызматкерлери кыйноо жана психологиялык коркутууларга кабылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG