Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Каракол: Секелек кызды өлтүргөн адам кармалды


24-декабрдан 25ине оогон түнү Каракол шаарында өспүрүм кызды өлтүрүп, анын инисин оор жарадар кылган, деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-декабрда 16.30дар чамасында шаардын Жусаев көчөсүндөгү үйдөн 10 жашар кыздын сөөгү жана 8 жашар бала оор жарадар болгон жеринен табылган. Милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында, түнкү 11лер чамасында С.Ж. аттуу адам кармалган.

"Кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алды. Кармалган адам жабырлануучулардын жездеси экени белгилүү болду. Учурда кылмышка түрткөн жагдайлар иликтенүүдө", деп билдиришти ИИБ кызматкерлери.

Мурдараак бул кол салуу уурулуктан улам болгону маалымдалган. (AsM)

XS
SM
MD
LG