Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Спорт боюнча жыл мыктылары аныкталды


Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жыл жыйынтыгын чыгарды.

24-декабрда Бишкекте өткөн иш-чарада "жылдын мыкты спортчусу" жана "жылдын мыкты машыктыруучусу" наамдары спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча тапшырылды.

Олимпиадалык түрдөн Дарья Маслова, Атабек Азизбеков, Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова жана Айал Лазарев мыкты аталды. Олимпиадалык эмес түрдөн Дастан Лепшаков, Нагира Сарбашова, Бекболсун Кушубаков, Авазбек Анарбеков, Уланбек Касымбеков, спорттун улуттук түрлөрүнөн Анарбек Жамакеев, Мээрим Момунова, Мырзабек Кочкоров, паралимпиадалык түрдөн Эсен Калиев жана Жаныбек Оросбаев мыкты спортчу аталышты.

2015-жылы кыргыз спортчулары Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерден ар кайсы жаш куракта 110 дон ашык байге утушкан. 4 спортчу 2016-жылы Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алышкан. (Ech)

XS
SM
MD
LG