14 жаштагы палестиналык Рим Сахлвил Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушканда депортацияланып калышы мүмкүндүгүн угуп ыйлаган. Ал акыры Германияда жашоо укугуна ээ болду.
Bild гезити маалымдагандай, ал Меркелден өзү жана үй-бүлөсү Германиядан кайрадан Ливанга чыгарылбайбы, деп сураган. Эми кыз жана анын үй-бүлөсү Германияда 2017-жылдын октябрына чейин кала алышат.
Эскерте кетсек, июль айында Ростокто Меркель окуучулар менен жолугушкан. Римдин суроосуна Меркель саясат оор маселе экенин айтып, Германия бардык качкындарды кабыл ала албайт деп жооп кайтарган. Ушундай жооптон кийин канцлердин дарегине сын пикирлер айтыла баштаган эле.
Ошол эле учурда Time жана Financial Times басылмалары Меркелди бозгундарга өз өлкөсүнүн чек араларын ачканы үчүн “Жылдын инсаны” деп тапты.