Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Бишкекте президенттик балаты өттү


Ага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев катышып, 8-14 жаштагы 1100 баланы куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Улуттук филармонияда өткөн иш-чарага окуунун мыктылары, олимпиаданын, жергиликтүү конкурс жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендер чакырылган.

“Силердин билимиңер – келечектеги үйүңөр. Эгер ал бекем болсун десеңер, адегенде эле мыкты билим алып, жерпайын бекем кургула. Билимге умтулгула. Ата-энеңерди сүйүп-урматтагыла. Кайрымдуу жана чыдамдуу болгула”,- деди Атамбаев.

Ошондой эле балдарга концерттик программа тартууланып, белектер берилди. (МТо)

XS
SM
MD
LG