Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Улуттук банк алтын акчаны сатыкка чыгарды


Улуттук банк 25-декабрда тарта «Ак илбирс» алтын коллекциялык монетасын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматынан билдиришти.

“Көөхар чөгөрүлгөн алтын акча Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калуу жана алардын санын көбөйтүүгө үндөө максатында чыгарылды. Ал 1000 нускадан туруп, 65 миң сомго бааланат жана расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Аны Улуттук банктын кассаларынан сатып алууга болот”, деп кабарлайт маалымат кызматы.

Буга чейин Улуттук банк «Манас-1000», «Ош-3000» жана «Курманжан даткага 200 жыл» аттуу коллекциялык алтын монеталарын чыгарган.

Мындан тышкары коллекциялык 41 күмүш, 10 жез-никель жана 2 мельхиор акчалары сатыкка чыгарылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG