Эртең, 26-декабрда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаабайт, бирок жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүйдө түнкүсүн -4...1 күндүзү 1...6
Таласта түнкүсүн -4...-9 күндүзү 1...6
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7 күндүзү 2...7
Баткенде түнкүсүн -1...-6 күндүзү 2...7
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүзү 0... 5
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүзү -9...-14
Бишкекте 26-декабрда күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын табы түнкүсүн 0…2, күндүзү 4…6 жылыйт.