Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Сирияда “Жайшүл-Ислам” тобунун лидери мерт кетти


Захран Аллюш
Захран Аллюш

Сирия баш калаасы Дамаскта өкмөткө каршы ири топ саналган “Жайшүл-Исламдын” лидери Захран Аллюш мерт кетти. Бул тууралуу баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы оппозициянын абалына жана адам укуктарына байкоо салган борбор билдирди.

Маалыматка караганда, Аллюш менен кошо беш талаа командири калаанын Түштүк Гуте аймагында топтун штаб-квартирасына абадан урулган соккуда каза болушту. Бул кабарды жергиликтүү журналисттер да бышыктады.

Reuters агенттиги абадан урулган соккуну Орусиянын учактары ишке ашырганын жазды.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аракетин сындап келаткан Захран Аллюш мусулманчылыктын салттуу амалдарынын тарапкери болгон. “Жайшүл-Ислам” тобун түптөгөнгө чейин атасы экөө “Ислам бригадасы” тобун түзгөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG