Кыргызстанда жаңы жылдан тарта мамлекеттик кызматта иштегендердин маданияты тескөөгө алынат. Кызматкерлердин этикасына көзөмөл жүргүзүү боюнча облус жана район борборлорунда атайын комиссия түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 25-декабрда өкмөттүк жыйында тапшырма берди.
Аны менен катар кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу тапшырмасы берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин көбүнүн жөнөкөй кишилерге жасаган орой мамилесине жарандар нааразылык билдирип келишет. (SE)