Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Ала-Букада соцфонд төлөмүнө каршы тургундар нааразылыкка чыкты


Ала-Букада митингге чыккандар. Сүрөттү жергиликтүү тургундар тарткан. 26-январь, 2015-жыл.
Ала-Букада митингге чыккандар. Сүрөттү жергиликтүү тургундар тарткан. 26-январь, 2015-жыл.

Ала-Бука районунун айрым тургундары жер үлүштөрү үчүн социалдык фондго төгүлчү акчанын көтөрүлгөнүнө каршы нааразылыкка чыгышты. Митинг бүгүн райадминистрациянын жанында болду. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар “Азаттыкка” кабарлашып, нааразы болгондор акимге маселени чечүү талабын коюшканын билдиришти.

Быйыл социалдык фондго төлөмдөр аймактардагы орточо айлык акынын суммасына жараша жогорулаган. Мурда жүз сомго жетпеген каражат төгүп жүргөндөр жаңы эреже боюнча андан он эсе көп төлөйт. Сумма жарым жыл сайын өзгөрөт. Мисалы, 2015-жылдын 1-июлунан киши башына 680 сомдон төлөнсө, 2016-жылдын 1-январынан тарта ал 720 сом болот.

Ала-Бука районундагы орточо айлык 12 миң сомдун тегерегинде деп табылган. Буга аймактагы кен казган “Казакмыс” жана “Иштамберди” ишканаларындагы маяналар негиз кылып көрсөтүлгөн.

Буга чейин Ноокен районунда да бул төлөмгө байланыштуу нааразылыктар чыккан. Аталган райондогу “Кыргызмунай” ишканасындагы маянадан улам райондогу бүт жашоочулардын орточо айлыгы 6-10 миң сомдун тегерегинде деп табылган.

Жарандар кирешенин айлык көлөмү ишкана кызматкерлерине гана таандык экенин, башка жашоочулардыкы реалдуу көрсөтүлбөгөнүн билдиришүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG