Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Баткенде быйыл 10 өспүрүм өз өмүрүн кыйган


Баткен облусунда быйыл жыл башынан бери 10 өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыка” билдиришти. Маалыматка ылайык, дагы жанын кыюуга камынган төрт өспүрүмдү сактап калышкан.

Адистердин байкоосуна ылайык, мындай кадамга көбүнчө ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөндөр же ата-энеси ажырашып, моралдык-психологиялык кемсинтүүгө дуушар болгондор барышат.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деп тыянак чыгарган. (JsA)

XS
SM
MD
LG