Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Өкмөт башчы инверсторлорду коргоо тапшырмасын берди


Темир Сариев
Темир Сариев

Кыргыз өкмөтүнүн облустагы өкүлдөрүнө, район акимдерине жана мэрлерге келаткан 2016-жылы өз аймактарына инвестиция тартууну көбөйтүп, инвесторлорду коргоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 25-декабрда өткөн кеңейтилген жыйында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Муну менен өлкө экономикасына салым кошууну белгилеген премьер ички жана тышкы инвесторлордун коопсуздугу корголушу керектигин эскертти. Бул ыкма дотациядагы айыл өкмөттөрдүн санын кыскартарын кошумчалады.

Андан сырткары, элди таза суу менен камсыздоо, мал жана айыл чарбасындагы маселелерди жоюу да 2016-жылдын негизги тапшырмасы болорун билдирди.

Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан чет элдик инвесторлорго каршы көп аймактарда нааразылык күч. Алардын дээрлик баары жергиликтүү кендерге байланыштуу. (SE)

XS
SM
MD
LG