Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Бишкекте журналист аны тоноо аракети боюнча милицияга арыз жазды


Бишкек шаарында 26-декабрга караган түнү 24.kg агенттигинин журналисти Дарья Подольскаяны тоноого аракет кылышты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирип, окуя түнкү саат бирге жакын болгонун айтты.

Маалыматка караганда, ал жаңы жылдык майрамдан кайтып, өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн сырткы эшигин ачууга камынып жаткан кезде белгисиз жигит артынан келип, тумчуктурган. Журналист жардам сурап элди чакырууга аракет кылып жатканда үйдөн коңшусу чыгып, ага кол салган адам качып кеткен. Буюмдарына зыян тийген эмес.

Журналист бул боюнча милицияга арыз жазды. (AKu)

XS
SM
MD
LG