Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Франциядагы Корсика аралында намазканага кол салышты


Франциянын Корсика аралында эки өрт өчүргүч жана полиция офицерине чабуул жасалгандын эртеси адамдар мусулмандар намазканасына кол салды. Өрт өчүргүч жана полиция кызматкерлерине жасалган чабуулду айыптаган ондогон кишилер Корсика борбору Аяччого чогулуп, айрымдары намазканадагы диний китептерди өрттөгөнгө аракет кылышканын расмий булактар кабарлады.

Франция өкмөт башчысы намазканага жасалган чабуулду “акылга сыйбас иш” деп атады.

Өрт өчүргүч жана полиция кызматкерлерине ким кол салганы аныктала элек.

Быйыл 13-ноябрда Париждеги теракттардан соң Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG