Кыргызстандын мурунку омбудсмени Турсунбек Акун Орусия президенти Владимир Путинди колдоо комитетин түзүп, ага беш киши мүчө болгонун “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, комитет орус бийлигинин терроризмге каршы күрөшүн колдоо, Батыш мамлекеттери менен Москвага алакасы чыңалып турган учурда Путинге жөлөк болуу максатында түзүлгөн.
- Орусия азыр эл аралык аренада чоң күч болуп чыга келди. Алардын терроризмге каршы жасаган иши эң туура. Буга чейин башка мамлекеттер терроризмге каршы чын дилден күрөшкөн эмес. Путин Сириядагы абалга кийлигишкенден кийин БУУда Сирия боюнча атайын резолюция кабыл алынды. Бул чоң иш. Комитетти мен жетектейм. Менден сырткары, анда Гүлүмкан Тыналиева, Темирбек Аргынбаев жана эки жигит бар.
Акун Кыргызстанда түзүлгөн Путинди колдоо комитети тууралуу Орусия президентине кабар берилбегенин, буга зарылчылык жоктугун белгилеп, орус президентинин саясатын дүйнөгө жайылтуу зарылдыгын кошумчалады.
Ал арада Турсунбек Акундун комитет түзгөнү коомчулук тарабынан түшүнүксүз жорук катары кабыл алына баштады. (SE)