Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү жаңы жылдык кече өткөрбөйт


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жаңы жылдык кече өткөрбөй, ага кетчү чыгымды аймактагы балдар үйүнө берет. Бул тууралуу облустук бийликтин кесиптик кошунунун төрагасы Учкунбек Жоробаев “Азаттыкка” билдирди.

- Облус аймагындагы кээ бир мамлекеттик кызматтардын жамааттары да бул демилгени колдоп, жаңы жылдык чыгымдардан баш тартаарын билдирип жатышат, - дейт Учкунбек Жоробаев.

Өткөн жумада өкмөт башчы Темир Сариев Жаңы жыл майрамында ашыкча чыгымга барбоо тууралуу айткан. (JsA)

XS
SM
MD
LG